• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бейөкмөт уюмдарга чет элдик агент статусун берүү боюнча мыйзам долбоору парламентке сунушталды

25 Бугу 2023 10:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр тиешелүү комитеттердин талкуусуна түштү.

Аталган мыйзам долбоордо Надира Нарматова менен чогу авторлош 32 депутат көрсөтүлгөн. Алар: Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Ташиев Ш.К., Атажанов Ы.Ы., Алимбеков Н.К., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Козуев А.А., Абдалиев М.А., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Алтынбеков А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Боронбаев А.Ж., Сыдыгалиев Н.О., Шабазов Б.В., Масабиров Т.А., Малиев А.К., Жамгырчиев Э.Э., Токтошев Э.Т., Сарбагышев М.К., Чойбеков Б.К., Атазов Ш.К., Түмөнбаев А.Т.

Негиздемеде айтылгандай, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары – мыйзам долбоору) коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк булактардан – чет өлкөлүк мамлекеттерден каржылануучу, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана көрсөтүлгөн булактардан башка мүлктөрдү алуучу уюмдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча Бишкек ш., эле 18500 ар түрдүү коммерциялык эмес уюмдар катталган. Эч ким үчүн жашыруун сыр эмес, алардын баары тең эле өз иштерин уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык, илим жана маданият, саламаттыкты сактоо, жарандарды социалдык колдоо, энеликти жана балалыкты коргоо, дене тарбиясы жана спорт, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, ошондой эле кайрымдуулук жаатында жүзөгө ашырып жатышкан жок. Алардын олуттуу көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарындагы ырааттуу жана максаттуу өнүгүүсүнө карама-каршы келген чечимдерди кабыл алуусу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушуп, Кыргыз Республикасында саясий акцияларды уюштурууну жана өткөрүүнү каржылоо жолу менен катышышууда», — деп жазылат негиздеме катта.

Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана чет мамлекеттерден, алардын органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же алардын ыйгарым укуктуу адамдарынан акча, башка мүлк алып жаткан коммерциялык эмес уюмга укуктук статус киргизүү сунушталууда.

«Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм үчүн укуктук статус киргизүү сунушталууда, чет өлкөлүк мамлекеттерден, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алган, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо алар ыйгарым укук берген жактардан, көрсөтүлгөн булактардан (мамлекеттин катышуусу бар ачык акционердик коомдорду жана алардын туунду коомдорун кошпогондо) (мындан ары – чет өлкөлүк булактар) акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алган, жана анын ичинде чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу саясий иштерге катышкан коммерциялык эмес уюм. Мындай коммерциялык эмес уюм чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

Мында, эгерде анын уюмдаштыруучу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарына жана милдеттерине көз карандысыз, ал мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди түзүүгө багытталган алардын чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса (анын ичинде каржылоо жолу менен), Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан саясий ишке катышкан коммерциялык эмес уюм болуп таанылат.

Илим, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, жарандардын ден соолугун коргоо, жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, майыптарды социалдык колдоо, энеликти жана балалыкты коргоо, сергек жашоо ыңгайын, дене тарбия жана спортту пропагандалоо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы, ошондой эле кайрымдуулук иштери саясий ишке кирбейт.

Демек, жогоруда көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу максатында чет өлкөлүк булактардан акча каражаттарын жана мүлктөрдү алганда, коммерциялык эмес уюм, чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык уюм катары таанылышы мүмкүн эмес», деп жазылат.

Мыйзам долбоорунун толук варианты менен бул жерден тааныша аласыз.

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Адилет” укуктук клиникасынын жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын юристтери чуулгандуу демилгелердин көтөрүлүшү жарандык сектордун жоюлушуна алып келерин билдиришкен. Алардын комментарийлерине көңүл бурулган эмес.

Эске салсак, бешинчи чакырылышта депутат Надира Нарматова кесиптеши Турсунбай Бакир уулу менен биргеликте ушундай эле документти сунуштаган. 2016-жылдагы мыйзам долбоору үчүнчү окууда алтынчы чакырылыштын депутаттары тарабынан четке кагылган.

Количество просмотров: 28