• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзамы боюнча Юстиция министрлигинин позициясы кандай?

12 Бештин айы 2023 15:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-декабрда Юстиция министри Аяз Баетов жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрдү. Анда журналисттер “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин позициясына кызыкты.

Баетовдун айтымында, министрлик аталган мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу даярдалып жаткан учурда өз көз карашын билдирген.

«Юстиция министрлиги Министрлер кабинетинин курамына кирет. Ошондуктан мен жалпы позицияны айта алам. Өкмөт 20 барактан турган корутундуну берген, анын ичинде сын-пикирлер дагы бар»,-деди Баетов.

Эске салсак, 14-июлда Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тарткан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 73