• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

«Чет элдик өкүл» мыйзамы: ЕБ өкүлчүлүгү менен бир нече элчилик Жапаровго кайрылуу жолдоду

14 Жалган куран 202418:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш тарабынан “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы боюнча Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү менен Канаданын, Франциянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана АКШнын элчиликтеринин биргелешкен билдирүү таратты.

Билдирүүдө, “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамга – жалпысынан “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” деген наам менен белгилүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорлорунун Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышына байланыштуу тынчсыздануусу жазылган.

«“Чет элдик өкүлдөр” боюнча мыйзам долбоорундагы жоболор коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) эркин иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурат, эл аралык нормаларга каршы келет жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен тургундарынын жашоосун жакшыртуучу жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүзгө коркунуч туудурат. Мыйзамга азыркы түрүндө кол коюлса, коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар камсыз кылган тамак-аш, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу маанилүү кызматтарга таянган калктын аялуу катмарына зыян келтирилиши мүмкүн.

Коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар мамлекеттин каршылаштары эмес – алар демократиялык, адилеттүү жана гүлдөп өнүккөн Кыргыз Республикасын куруудагы алмаштырылгыс өнөктөштөр. Биз президент Жапаровду өлкө ичиндеги жана өлкө сыртындагы билдирилген тынчсызданууларга кулак төшөп, Жогорку Кеңештеги аткаминерлер менен бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Мыйзам долбооруна 66 депутат «макул», ал эми 5 депутат «каршы» добуш берди,

Белгилей кетсек, 14-мартта тармактык комитеттин жыйыны дайындалган эмес. Комитеттин төрагасы Чолпон Султанбекова парламенттин жалпы жыйынында комиетте карала турган маселелер бар экенин айтып, ал үчүн танапис сураган. 15 мүнөттүк танапис берилип, “чет элдик өкүл” долбоору үчүнчү окууда кабыл алынган.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Количество просмотров: 114