• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзамынын кесепеттери кандай?

2 Чын куран 2024 12:50 Бишкек Govori.TV

Баарына белгилүү болгондой, 2014-жылдын 26-майында парламент депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоорун (мындан ары – “мыйзам долбоору”)
демилгелешкен. Мыйзам долбоорунда негизинен Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамына (мындан ары – “КЭУлар жөнүндө Мыйзам”), ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталган, ал коомчулукка “чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоору катары белгилүү болчу. Коомдо узакка созулган жана кызуу талкуулардан кийин мыйзам долбоорун 2016-жылдын 12-майында парламент үчүнчү окууда кароонун жыйынтыгы боюнча четке каккан.

2023-жылдын 19-майында парламенттин 33 депутаттан турган тобу (Нарматова Н., Садырбаева Ж., Ташиев Ш. жана башкалар) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары – “мыйзам долбоору”) демилгеледи, анын тексти “чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам долбооруна дээрлик окшош. Мыйзам долбоору “чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам долбоорунан бир нерсеси менен айырмаланат – анда “агент” деген сөз “өкүл” деген сөзгө алмаштырылган.

Бул Талдоону мыйзам долбоорунун мазмунуна тынчсызданган коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) суроо-талабы боюнча Эл аралык Коммерциялык эмес укук борбору (ЭКЭУБ) даярдады.

Талдоодо мыйзам долбоорунун Кыргызстандагы кыргызстандык жана чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын (мындан ары текст боюнча – тиешелүүлүгүнө жараша “КЭУ” жана “ЧКЭУ”) ишин чектей турган негизги жоболору каралат.

Мыйзам долбоорунун көптөгөн жоболору адам укуктарын пайдубалын түзгөн негизги демократиялык принциптерге карама-каршы келет. Мыйзам долбоорунун бир катар жоболору Кыргызстан 1994-жылдан бери тарабы болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын (ЖСУЭП) жоболоруна карама-каршы келет. Башка жоболор так калыптанган эмес жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, ал өзүнүн мүчөлөрүнүн же калктын айрым топторунун кызыкчылыктарын коргогон КЭУларга гана эмес, бардык КЭУларга, анын ичинде кайрымдуулук, гуманитардык жана калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга терс таасирин тийгизет.

Мыйзам долбоору мамлекеттик органдарга КЭУлардын жана ЧКЭУлардын ички иштерине кийлигишүү үчүн кеңири укуктарды берүүнү сунуштайт. Сунушталып жаткан укуктар мамлекеттик органдарга, негизсиздикти же алардын башаламандыгын чектей турган кандайдыр бир административдик эрежелерсиз эле, алардын өзүнүн гана кароосу боюнча КЭУлардын жана ЧКЭУлардын иш-аракеттерин токтотуу же аларды жоюп салууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мыйзам долбоору КЭУлардын иш-аракетине, коммерциялык уюмдардын иш-аракетин жөнгө салууда параллелдүү колдонулбаган тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратат.

Албетте, Кыргызстан, башка мамлекеттер сыяктуу эле, өзүнүн улуттук коопсуздугуна жана эгемендүүлүгүнө карата коркунучтардын алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү керек. Бирок КЭУларды бул коркунучтун өзгөчө булагы катары кароо жаңылыштык болуп саналат.

Мыйзам долбоорунун КЭУларга каршы багытталган басмырлоочу ченемдерин төрт топко бөлүүгө болот: бардык, анын ичинде чет өлкөлүк каржылоону албаган, КЭУларга каршы багытталган ченемдер, “чет өлкөлүк өкүлдөр” катары тааныла турган КЭУларга каршы багытталган ченемдер, ЧКЭУлардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө каршы багытталган ченемдер жана КЭУлардын жана ЧКЭУлардын өкүлдөрүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө ченемдер.

Төмөндө мыйзам долбоорунун кооптонууларды эң көп жараткан жоболорун карайбыз:

  1. Бардык КЭУлар үчүн жаңы оордук келтирүүчү талаптарын бекитүү, мамлекеттик органдарга алардын ички иштерине кийлигишүүгө уруксат берүү:
    алар үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жаңы отчетту берүүнү белгилөө;
    Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (мындан ары – Юстиция министрлиги) КЭУдан анын ички документтерин суроо жана текшерүү, өз өкүлдөрүн КЭУнун бардык ички иш-чараларына катышуу үчүн жөнөтүү, өзүнүн кароосу боюнча – КЭУнун иш-аракети аны түзүү максаттарына дал келгендигин же келбегендигин аныктоо укугун берүү.
  2. Чет өлкөлүк булактардан каржылоону алган КЭУларды “чет өлкөлүк өкүлдөр” катары кемсинтүүчү атайын каттоого мажбурлоо, алардын иш-аракетин чектөө, алар үчүн оордук келтирүүчү талаптарды белгилөө:
    — алардын ар жылкы финансылык аудиттен өтүүсү боюнча талаптарды коюу;
    — алардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жаңы отчетту берүү жана отчет менен ар жылкы финансылык аудиттин корутундусун жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары ЖМК) же КЭУлардын вебсайтында жарыялоо боюнча талаптарды белгилөө;
    Юстиция министрлигине бул КЭУлардын ишмердүүлүгүн пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле өзүнүн кароосу боюнча алардын иш-аракетин 6 айга чейинки мөөнөткө токтото туруу укугун берүү.
  3. ЧКЭУлардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү үчүн оордук келтирүүчү жаңы талаптарды белгилөө, алардын ишмердүүлүгүн чектөө, Юстиция министрлигине алардын ички иштерине кийлигишүү укугун берүү:
    — алардын ар жылкы финансылык аудитттен өтүүсү боюнча талаптарды белгилөө;
    — алардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жаңы отчетту берүү жана отчетту ЖМКда же вебсайтта жарыялоо боюнча талаптарды белгилөө;
    — Юстиция министрлигине ЧКЭУлардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө тигил же бул жергиликтүү КЭУларды каржылоону токтотуу боюнча көрсөтмө берүү, ошондой эле өзүнүн кароосу боюнча, соттук чечимсиз, аларды филиалдар жана өкүлчүлүктөрдү каттоодон өткөрүү реестринен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугун берүү.
  4. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, параллелдүү түрдө коммерциялык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө карата колдонулбаган, КЭУлардын жана ЧКЭУлардын өкүлдөрүнүн кылмышжаза жоопкерчилиги жөнүндө жаңы ченемдерди киргизүү.

Булак: icnl.org

Бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаров «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзамына кол койгону маалымдалды.

Количество просмотров: 55