• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чет элдик жаранды тамашага салган пранкер айыпка жыгылды

2 Жалган куран 2023 17:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте чет элдик жаранды тамашага салган жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, сот О.А. аттуу жаранды Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 5,5 миң сом айып пул салынган.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда чет элдик жаранга тийишкен жарандын видеосу тараган.

Количество просмотров: 857