• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Чет өлкөдө издөөдө жүргөн жаран Баткенден кармалды

8 Бештин айы 202216:24 Бишкек Govori.TV

Чет өлкөдө издөөдө жүргөн жаран Баткенден кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-декабрынан бери алдын ала бүтүм боюнча башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо фактысы менен издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын 26 жаштагы тургуну К.Л. Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 7-декабрь күнү Баткен облусунун аймагынан аныкталып, кармалды.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тиешелүү иш кагаздары толтурулуп, экстрадицялоо жагы каралып жатат.

Теги:
Количество просмотров: 144