• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чет өлкөдөн жумуш таап берем деп алдамчылык менен алектенген жаран кармалды

13 Кулжа 2021 9:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июнда Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын март айында Ш. аттуу жаран арыз ээсине чет мамлекеттен жумуш таап берүүнү убадалап, ишеничине кирип 300 доллар акча алганы айтылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене («алдамчылык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү делинип 1999-жылы туулган Р.Ш. кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо байланышып коюуну өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(550) 102 609, 0(707) 272 744 же 0312 43-28-15.

Количество просмотров: 284