• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чет өлкөлүк жаран кыргызстандыктарды Россияга мыйзамсыз жөнөтүп жүргөн

16 Аяк оона 202417:17 Бишкек Govori.TV


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен бирге иштешүүнүн натыйжасында, чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын жарандарын Россияга ишке орноштуруу боюнча уюшкан түрдө мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган адам тиешелүү уруксатсыз жана мыйзамдуу негиздери жок туруп, Россиянын аймагында ар кандай курулуш объектилеринде жарандарды ишке орноштурууну убада кылып, жалдоо иштерин жүргүзүп келгени билинди.

Мыйзамсыз ишке тартуунун уюштуруучусу социалдык тармактар жана башка бейрасмий каналдар аркылуу жарандарды өзүнө тартып, мыйзамдуу жол-жоболорду сактабастан “тез” ишке орноштурууну сунуштап, жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун тобокелге салган.

Учурда мыйзамсыз иш уюштуруп жүргөн адамга карата Кыргызстандын тышкы эмгек миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, иш менен камсыз болууга кезекте турган жарандарга консультациялык, укуктук жардамдар көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 115