Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 15 миң доллар пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк компаниянын өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, буга чейин Жазык кодексиндеги пара берүү беренеси менен кылмыш иш козголгон. Ал параны жер пайдалануу тармагында көзөмөл жүргүзгөн кызматкерге техникалык долбоорго тиешелүү маселени оң тарапка чечип берүү үчүн берген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.