• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чет өлкөлүктү тоногон неме кармалды

13 Аяк оона 202412:16 Бишкек Govori.TV


Сокулук районунда Фрунзе көчөсүндөгү унаа жуучу жайга түнкү саат бирлерде белгисиз адамдар кирип келген. Ал жерде 39 жаштагы чет элдик жаран жашап, иштеп жүргөн. Алар унаа жуучу жайдын кызматкерине бычак менен кол салып, андан 30 миң сом жана телефонун тартып алышкан.

Милиция кызматкерлери 27 жаштагы М.Д. аттуу адамды шектүү катары кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Анын жанынан бычак табылып, далил катары катталган.

Азыркы тапта кылмышка шектүү экинчи адам изделип жатат. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 183