Акыркы сааттарга алынган маалымат боюнча, чет мамлекеттерден 5120 мекендеш добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азиз Мадмаров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул шайлоочулардын 10 пайызын түзөт.
«Чет жерлерде жалпы 49 миң 481 шайлоочу бар. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар боюнча даттануулар катталган эмес»,-деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2438, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.