Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн, тагыраагы эгерде 2009-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 миң куб болгон автоунаа мурда 1 250 доллардан кирип жүрсө, жаңы жылдан тарта 13 600 доллар болоору айтылган. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирүү жасап, өз оюу менен бөлүштү.
«Кыргызстанда саясат маанилүүбү же экономика биринчиби деген кептер айтылып келет. Көпчүлүгү экономика деп ойлойт. Мына бул бажы төлөмдөрүнүн унаага карата жаңы-жылдан тарта 10 эсе көтөрүлүүсү аябай маанилүү далил болуп эсептелет. Себеби ал чечимди мамлекеттик башкаруучулар кабыл алган, саясатчылар кабыл алган, андай болгон соң бул саясий маселе болуп эсептелинет. Эгерде мамлекетте маанилүү саясий өзгөрүүлөр болбосо ушундай керексиз чечимдер көбөйө берет», — деди ал.