• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Чиркөөдөн баалуу тарыхый буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалды

18 Кулжа 201913:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунда чиркөөдөн баалуу тарыхый буюмдарды уурдоого шектүү жергиликтүү тургун кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, окуя 24-майга караган түнү Түп районунда болгон.

Баалуу диний китептер, иконалар, желекчелер уурдалган.

Китептер базарда эки миң сомдон сатылып жатканын көргөн адамдар милицияга кабар беришкен.

«Уурулук» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Чиркөөгө келтирилген зыян бир нече миң сом деп бааланууда.

Количество просмотров: 15