• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чоң-Алайда дайынсыз жоголгон туристтин жансыз денеси табылды

5 Баш оона 201914:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 1974-жылы туулган И.И. аттуу Орусия Федерациясынын жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-август күнү издөө иштери уланып,10 куткаруучу жана Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынан 6 альпинист тартылган. Альпинисттер 6200м бийиктиктен маркумдун жансыз денесин табышып 1-лагерге (4400м) алып түшүшкөн.

“ Бүгүн саат 09:00дө ӨКМдин куткаруучулары менен Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынан альпинисттери маркумдун жансыз денесин базалык лагерге (3800м) алып түшүп келе жатышат”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-июль күнү Орусиядан Кыргызстанга эс алганы келген турист Ленин чокусунан түшүп келатып, акыркы жолу саат 18:40та байланышка чыгып ошол бодон дайынсыз болгон.

Количество просмотров: 20