• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Чоң атасы небересине бычак сайган деп шектелүүдө

14 Кулжа 202412:39 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Новопавловка айылында чоң атасы небересине бычак сайган.

Маалыматка караганда, окуя 13-июнда болжол менен саат 17:00до болгон. Мас абалында болгон 68 жаштагы жаран 2006-жылы туулган небереси менен чырдаша кетип, ага бычак сайган. Анын айынан жаш бала ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары баланын чоң атасы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Количество просмотров: 240