• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 44 жаштагы жаран изделүүдө

24 Теке 202011:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына 15-июль күнү 44 жаштагы эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында 5 куткаруучу тартылып, саат 15:05те убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн, 24-июль күнү улантылат.

Ошондой эле Жалал-Абал облусунун Аксы районунда Чоң-Наманган каналына 12 жаштагы өспүрүм түшүп кеткен. 23-июль күнү издөө иштерине 11 куткаруучу тартылган, бирок натыйжа берген эмес. Туугандарынын катынын негизинде издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду.

Количество просмотров: 21