• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Чоң Чүй каналынан адамдын сөөгү табылды

25 Теке 202010:32 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 44 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

24-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 10:30да Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 2 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 2 суучул тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында Совхоз-Фрунзе айылында маркумдун сөөгү суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 98