• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чоң Казат» партиясы БШКдан эскертүү алды

7 Баш оона 2020 9:11 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы «Чоң Казат» партиясына шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын жана эрежелерин бузганы үчүн расмий эскертүү берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, БШКнын мүчөлөрү 6-августтагы отурумунда бул партиянын «Facebook»,» YouTube» жана «Instagram» соцтармактарында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылган видеоматериалдар жарыяланган деп табышкан.

«Аталган партия бул видеоматериалдарды эки күндүн ичинде алып салууга жана көрүлгөн чаралар тууралуу БШКга маалымдоого милдеттендирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 74