Алдамчылыкка шектүү адам 16-сентябрда кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнен билдиришти.
Жабырлануучунун айтымында, ал 20-апрель күнү 70 миң долларлык “Range Rover Velar” унаасын, 35 миң долларлык “Lexus ES350” унаасын жана А.Токомбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн батирге 16,5 миң доллар берген. Бирок курулуш компаниясы батирге акча албагандыктан, акча алган кишини кожоюн деп эч ким тааныбаганы белгилүү болду. Арыз ээси аял андан жашынып жатканын айтууда.
Келтирилген зыяндын суммасы 12 миллион 415 миң 500 сомду түздү.
Милиция кызматкерлери 55 жаштагы Б.Л. аттуу адамды кармап, аны убактылуу кармоочу жайга киргизишти.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда. Буга байланыштуу ИИМ шектүүнүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0 (707) 52-52-22 же 102 телефон номурларына чалып коюуну өтүнөт.