Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылындагы бала бакчанын имаратынын пайдубалына капсула салуу салтанатына катышты.

34 орунга эсептелген бала бакчанын курулушуна 20 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Бүгүнкү күнү объектте жер казуу иштери жүрүп жатат.