Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын акталышы боюнча пикирин билдирди. Ал «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында айткан.
«Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча талкуу болуп жатканда активист, саясатчы жана саясатчы сөрөйлөр мамлекет башчыбызды айыптап, саткын, чыккынчы деп айыпташкан. Кемпир-Абад тууралуу кандай гана маалыматтар айтылган жок. Булардын көздөгөнү ызы-чуу менен, этнос аралык араздашуу жана башка жолдор менен бийликти кетирип, басып алуу болчу. Бул — факт. Эгер ошондо биз буларды камап, басып калбаганда, чоң ызы-чуу болмок», — деди Байсалов.
Байсалов айыпталуучуларды камоо менен «тарбиялоо» аракети болгонун айтты.
14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттин баарын актады.