• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Чочулабагыла бул шпиондордон». Ташиев жылаңач кыздар чыккан көргөзмө тууралуу билдирүү таратты

2 Бештин айы 2019 18:57 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмө өтүп, ал жерге ич кийимдердин илингени, жылаңач айымдарды көрсөтүлгөнү кызуу талкууга алынууда. Бул чуу жараткан көргөзмөгө экс-президент Роза Отунбаева да барды деген маалыматтар чыккан. Бул тууралуу мурунку депутат Камчыбек Ташиев билдирүү таратты.

Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул акмактар, гей-пей, ошолорду баштаган колдогон Роза Отунбаева башында турган жана чоң кызматтарда иштеп жүргөн бир топ адамдар жок кылат! Мамлекетти сактап, каада салты, тарыхы жана келечеги менен кийинки муундарга өткөрүп берүү милдетибиз. Бардык колдо болгон мүмкүнчүлүктөр менен күрөшүшүбүз керек. Мамлекет башчыбыз, укук коргоо органдары чара көрүнүздөр, бул жерде элдин тагдыры турган жерде жумшактыктын кереги жок, колдон келбесе, дух жетпесе, анда айткыла жардам беребиз, кыргыз элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз. Чочулабагыла бул шпиондордон, элибиз колдоп алат, — деп жазган Ташиев билдирүүсүнө.

Количество просмотров: 3557