• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Чодуев кызматка дайындалып калса ишин эмнеден баштай турганын айтты

29 Бугу 201911:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.

ЖКнын жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков айыл чарба министрине талапкер Эркин Чодуевден эгер кызматка дайындалып калса ишин эмнеден баштай турганына кызыкты.

Министрлик кызматка талапкер Чодуев экспорт боюнча өзүнчө бөлүм түзүлө турганын белгилеп: «Жазгы талаа иштери жыйынтыкталып калды, учурда өстүрүлгөн продукцияны сатуу маселеси турат. Түшүм канчалык болот, биринче кезекте сатуу иштерин жүргүзөбүз. Анан министрликте экспортту илгерилетүү бөлүмү түзүлөт. Ал экспорт маселесин толук чечкенге аракет кылат»,-деди.

Эске салсак, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына сунушталган Эркинбек Чодуев учурда айыл чарба министринин орун басары болуп иштеп келет.

Количество просмотров: 14