Социалдык тармакта Чок-Талдагы Париж пансионатына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы конгон жаңы видео пайда болду. Көптөр нааразы болуп, сындап жатышат. Тагыраагы, көлдө эс алып жүргөндөрдүн кыжырын кайнатып, пляждын жээгинде эс алуучуларга чаң чачпай эле Тамчы аэропортуна конуп, понсионатка машина менен келсе болмок экен. Тамчы Чок-Талга абдан жакын деп жазып жатышат.
Тик учак менен ким келгени боюнча азырынча так маалымат жок.