• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чолпон-Ата шаарында беш күндүк шахмат боюнча мелдеш өттү

24 Баш оона 2019 18:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.08.2019.Govori.TV.


Ысык-Кол облусунун Чолпон-Ата шаарында 18-23-августка чейин жаш өспүрүмдөр, чоңдор арасында Эл аралык шахматтык турнир өттү. Турнир маркум коомдук саясий ишмер, Жогорку Кеңештин 5-6 чакырылышынын депутаты Улан Чолпонбаевдин жаркын элесине арналган. Мелдеште Казахстан, Өзбекстандын жана Кыргызстандын баардык аймактарынан ар-кандай жаштагы шахматисттер ойношту.
«Беш күнгө уланган мелдеште 100дөн ашык шахматтистер катышып. Оюнда күчтүү ойунчулар медал, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйналышты.

» Биздин уюштуруп жаткан Эл аралык шахмат боюнча мелдештин башкы максаты болуп, жаштарды шахмат өнөрүнө тартып, үндөө, келечекте Азиянын, дүйнөнун чемпиондорун Кыргызстандан тарбиялап чыгуу. Ошондой эле маркум Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын президенти болгон Улан Чолпонбаевди эскерүү болду», — деп билдирди уюштуруучулардын бири, жана Каракол шаарындагы Чолпонбаев атындагы шахмат мектебинин жетекчиси Эрлан Сейталиев.


Кошумчалай кетсек мелдештин эн маанилуу бөлүгүгүн бири болуп Өзбекстан мамлекетинен келген 3.4 ФИДЕ,»таза оюн» ФИДЕнин кеңешчиси, эл аралык шахмат боюнча орбитр Турдалиев Хусан Турдалиевичтин катышуусу, жана калыстык кылтык милдетти аткарганы болду. Уюштуруучулардын айтуусунда, Улан Чолпонбаевдин жаркын элесине арналган мелдешти жыл сайын өткөрүү демилгеленүүдө.
Эсиниздерге салсак, мелдеш Улан Чолпонбаев атындагы шахмат мектеби, жана коомдук фондунун демөөрчүлүк колдоосу астында өттү.

Количество просмотров: 23