• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү

24 Баш оона 2019 19:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.08.2019.Govori.TV.

Такталган маалымат боюнча. Жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел суулар жүрүп, Чолпон-Ата шаарынын Совет, Колесников көчөлөрүндөгү арыктарга суу батпай 15 турак үйдүн, 5 дүкөндүн, 6 кафенин, 2 банктын короолорун каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жерине КР ӨКМнен жалпы 31 куткаруучу, 1 даана мотопомпа, №7 ЖТИнан 1 грейдер, 10 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 2 экскаватор, 1 суу сордуруучу унаа, «Тазалык» ишканасынан 2 таштанды чогултуучу жана 1 жолду жуучу унаалар, жеке ишканадан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 40 жана авариялык-куткаруу топтордон — 50 адам тартылып, саат 15:25те селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары толугу менен аяктаган.

Количество просмотров: 12