• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Чоткараев менен чогуу 15 антикоруппционер кызматынан кетет…

19 Бирдин айы 2018 16:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.01.2018. Govori.TV
Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын(АКС) башчысы Дүйшөнбек Чоткараев менен бирге дагы 15 кызматкер кызматынан кетет. Бул тууралуу Govori.TVга Акүйдөгү өздүк булактар  билдирди.
Анда белгилүү болгондой, өткөн жумада Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы жолу Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда АКСти өзүнүн функционалдык ишин түздөн-түз аткара албай жатканын, алар текшерүүлөрдү бизнеске айландырып алганын, чыныгы коррупционерлер  кармалбай жатканын катуу сынга алып, бул кызматтын ишмердигин кайрадан карап көрүүнү чечимин чыгарган болчу.
УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Президент менен жолугушуудан кийин кызматтык чечим кабыл алып, АКСтеги буга чейин кайсы бир каржылык иштер боюнча аттары аталып жүргөн, ири каржылык мыйзам бузуулардын аягына чыкпаган кызматкерлерден арылууну чечкен”,-деп айтылат өздүк булактын маалыматында.
Эми алардын ордуна кандай кадрлар, кандай жолдор менен тандалып алынат, конкурс жарыяланабы азырынча белгисиз…
Количество просмотров: 27