• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чу дарыясына унаа кулап, 2 киши каза тапты

2 Теке 202212:51 Бишкек Govori.TV

Чу дарыясына Тоуоta Corolla үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетип, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 1-июлда катталган, кырсыкка айдоочунун рулду башкара албай калгандыгы себеп болгон.

«Унаанын ичиндеги 65 жаштагы М.Г., жана 41 жаштагы Ж.А., аттуу жарандар каза болду. Ошондой эле 1952-жылы туулган И.Л., жана 1972-жылы жылы туулган Н.Л., аттуу эки аял жабыркаган. Окуя Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылында орун алган», — деп айтылат маалыматта.

Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 1657