• Шейшемби 16 Теке 2024
  • Вторник 16 Июль 2024

Чуңкурчакта бийиктиктен аркан менен секирген жаран каза болду

6 Теке 2024 17:38 Бишкек Govori.TV

Чуңкурчак капчыгайында аркан менен секирүү учурунда жаран кулап, каза болду.

Окуяны Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктап, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

«6-июль күнү саат 13:30дар чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан «Flyjumртп» аскадан секирип жатып, асма жол үзүлүп кетип, анын кесепетинен жаран 1985-жылы туулган жаран окуя болгон жерден каза болгон.
Бул факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө аракеттери жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылат»,-деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум эс алууга үч баласы менен барган.

Количество просмотров: 5239