• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Кыргыз тилинин баркы жана наркы (түз эфир)

24 Аяк оона 202415:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Мындан тышкары Кыргызстанда орус тили расмий тил деп эсептелет.

Бүгүнкү «Кыйын» ток-шоусунда «Кыргыз тилинин баркы жана наркы» деген теманын алкагында сөз болмокчу.

Катышуучулар:

  • Гульзада Станалиева — Филология илимдеринин кандидаты;
  • Аскер Сакыбаева — журналист;
  • Кайыргүл Урумканова — журналист.
Количество просмотров: 1327