Өлкөдө нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
24-26-май күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга, арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөгө чакырат. Жергиликтүү бийликтин карамагында турган сел өтүүчү канал, сайларды көзөмөлгө алып, жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттарын даяр абалда кармоо сунуштайт.