Көк-Жар конушунда бала бакча өрттөнүп жатат. Бул тууралуу соцалдык тармакка видео жарыяланды.
Маалыматка ылайык, өрттөнүп жаткан аймакта өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жабыркагандар жок, балдарды чыгарып жетишишкен.
«Көк-Жар калктуу конушунун Көк-Жар көчөсүндө жайгашкан бала-бакчанын аймагында көмөк чордондон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм, тез жардам кызматы тартылган. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.