• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Чуу жараткан «КТ Мобалга» жаңы жетекчи дайындалды

11 Кулжа 201912:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

«КТ Мобайл» мамлекеттик ишканасына директор болуп Мураталы Жакыпов дайындалды. Бул туурасында «Кыргызтелекомдун» маалымат кызматы билдирди.

Жакыповду кечээ, 10-июнда «Кыргызтелеком» ишканасынын башкаруучулугунун мүчөлөрү шайлаган. Ал эми орун басарлары качан дайындалары азырынча белгисиз.

Жакыпов буга чейин Билим берүү министрлигинин алдындагы «Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр» деп аталган секторду өнүктүрүү программасында жабдуулар боюнча адис болуп иштеген.

Эске салсак, буга чейин «КТ Мобайл» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги иштебей жатып көп маяна алганы, директордун орун басары пермьер-министрдин бажасынын баласы экени ачыкталган. Компаниянын айланасындагы чырдан улам жетекчилиги кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Аталган компаниядагы иштерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн.

Количество просмотров: 15