• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Чуулгандуу чырга тиешеси бар судья Чоткараевди президент жумуштан алды

13 Чын куран 201917:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.04.2019.Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Мамлекет башчысы бул сунушту карап чыгып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Эскерте кетсек, Октябрь райондук сотунун качып кеткен судьясы Эрнис Чоткараев административдик укук бузуулар боюнча 1 миң 350 ишти жок кылгандыгы ЖМКларда айтылууда.

Эске салсак, «Говори ТВ» мультимедиалык агенттиги «Журналисттик иликтөөлөр фондунун» көмөгү менен административдик укук бузуулар тууралуу журналисттик иликтөө жүргүзгөн. 

«Говори ТВ» мультимедиалык кызматы Президент С. Жээнбековдун маалымат жыйынында бул маселени көтөрүп чыгып,  Президент акырына чыгууга убада берген эле.

Мындан тышкары, бүгүн Судьялар кеңеши берген арыздарына ылайык Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин жана Матраимов Назымбек Турдалиевичтин өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген. Сунушту президент колдоду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 24