• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Чычкан капчыгайында 23 жаштагы жигит киши колдуу болду

23 Бугу 202314:56 Бишкек Govori.TV

Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги кафелердин биринин тапчанында денесинде жарааттары бар Токтогул районунун 2000-жылы туулган тургунунун жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Окуя 3-май күнү болгон. Жерине Токтогул РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, жетекчилиги чыгып кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар топтолгон.

Бул факты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 2003 жана Токтогул районунун 1991-жылы туулган тургуну (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 230