• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Келинди өлтүрүп, камыштын арасына таштап кеткен шектүү кармалды

27 Бештин айы 2022 11:57 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Сузак районунда келинди өлтүрүп, камыштын арасына таштап кеткенге шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 32 жаштагы эркек киши кайрылган. Ал 23-декабрда болжол менен саат 09:00дөр чамасында 30 жаштагы аялы төркүнүнө баруусун айтып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, атайын ыкчам тергөө тобу издөө иштерин баштаган.

Издөө иштеринин натыйжасында, 25-декабрда саат 12:00дөр чамасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасындагы суудан келиндин сөөгү табылган. Сөөктү сырттан кароодо анын мойнунда жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы байкалган.

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө сөөктүн моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүмүнүн себеби дем ала албай, абанын жетишсиздигинен улам келип чыккандыгы аныкталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын 23 жаштагы С.Н. аттуу тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 118