• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Грекияда коррупция жөнүндө жазып жүргөн тележурналист киши колдуу болду

12 Чын куран 2021 10:39 Бишкек Govori.TV

Грекиянын баш калаасы Афиныда коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрү менен таанымал, «Star» телеканалынын журналисти Йоргос Караиваз киши колдуу болду.

Ал 9-апрелде жумуштан чыгып, үйүнө бара жатканда мотоцикл айдаган эки киши 15 жолу ок атышкан. Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу кабарлады. Соттук медициналык кызматкерлер журналисттин сөөгүнөн он окту алып чыгышкан.

52 жаштагы Йоргос Караиваз коррупция, кылмыштуулук тууралуу күнүгө атайын берүүлөргө катышчу. «Bloko» деп аталган жемкорлуктун бетин ачкан порталды негиздеген.

Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис «Твиттердеги» баракчасына «Караиваздын дуушар болгон мыкаачылык грек коомун нес кылганын, ага кол салгандарды тез арада таап, сот жообуна тартуу зарылдыгын» жазды.

Европа комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен «Твиттерге» «Сөз эркиндиги — баарынан ыйык» деп жазды. Ал журналисттин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аны өлтүрүү «ыпылас жана коркоктордун колунан келди» деди.

Йоргоса Караиваз — акыркы отуз жылда Грекияда киши колдуу болгон экинчи журналист. 2010-жылы Афиныда саясатчылар арасындагы ири өлчөмдөгү бир нече коррупциялык ишти иликтеген Сократис Гиолиас өз үйүнүн босогосунда өлтүрүлгөн.

Количество просмотров: 65