• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чычкан суусуна 5 жаштагы бала агып кетти

29 Баш оона 201910:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Кечээ, 28-августта Токтогул районундагы Чычкан суусуна 5 жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 235-чакырымында (Ак-Көл тилкеси) болгон. Кырсыктын кесепетинен Чычкан суусуна 2014-жылы туулган А.Д. аттуу бала түшүп кеткен. 28-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден 61 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20 адам тартылган. Куткаруучулар баланын жансыз денесин саат 18:10 чамасында суудан таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 22