• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чычкан суусуна түшүп кеткен жигиттин сөөгү 3 жумадан кийин табылды

24 Теке 201911:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.07.2019.Govori.TV.

Бишкек-Ош жолунун 270-чакырымындагы Чычкан суусуна түшүп кеткен үчүнчү жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык  2-июль күнү катталган. Эки күндөн кийин биринин, дагы эки күн өткөн соң кийинкисинин сөөгү табылган. Ал эми үчүнчү жигиттин сөөгү 23-июль күнү кечинде унаа түшүп кеткен жерден 16 чакырым алыстыктан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Кошумчалай кетсек, сууга түшүп каза болгондордун үчөө тең 22 жашта болгон.

Количество просмотров: 12