• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чынар Капарова Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алды

30 Жалган куран 2018 10:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV
Теле алып баруучу, журналист Чынар Капарова  КТРдин директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева тастыктады. Анда белгилүү болгондой,  2016-жылдын 12-августунда КТРдин директору Илим Карыпбеков алып баруучуну “Эфирден Сүйүнбай Эралиевди “Эл баатыры”деп туура эмес наам менен атагандыгы үчүн» деген кине менен кызматынан алган. Бирок, чындыгында Сүйүнбай Эралиев Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2006-жылы эле алган болчу.
Андыктан, алып баруучу бул айтылган сөз улуу инсандын аброюна шек келтирбесин, антсе да бул үчүн эскертүү же сөгүш берүү гана шартка ылайык болоорун айтып, КРнын Эмгек Кодексине таянуу менен И. Карыпбеводу сотко берген. Эки жыл аралыгында иш Жогорку Сотко чейин жетип, кайра шаардык сотко кайтарылып, акыры, 2018-жылдын 26-мартында Жогорку Сот Ч. Капарованын пайдасына чечим чыгарган.
Эми чечим күчүнө кирген күндөн тартып, И. Карыпбеков теле алып баруучуну өзүнүн кызмат ордуна коюп, эки жылдан берки айлык маянасы менен бирге моралдык-материалдык чыгымдарын төлөп берүүгө аргасыз.

Ал эми бул боюнча Ч. Капаровага кайрылганыбызда, ал а дегенде И. Карыпбеков менен жолугуп, чечимди аткаруу боюнча сүйлөшкөндөн кийин кеңири маалыматберээрин билдирди.

Количество просмотров: 53