Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча тармактык комитети аркылуу Ч.Айтматов сыйлыгына каралган 30 000 доллардын уурдалышы боюнча мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов Govori.TV агенттигине билдирди.
30 000 долларды өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камака алынган. Бул боюнча ошондогу комитет төрагасы Аскар Шадиев 7 жолу, Чыныбай Турсунбеков 1 жолу УКМКга сурака чакырылган.