• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Чынара Токонованы акыркы сапарга узатышты

6 Жетинин айы 201910:39 Бишкек Govori.TV

37 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан журналист Чынара Токонова акыркы сапарга узатылды.

Чынара Токонова менен коштошуу зыйнатына Өкмөт башчанын атынан маалымат кызматынын башчысы Чынгыз Эсенгулов, саясий ишмер Карганбек Самаков, Кубат Оторбаев жана кесиптештери келип катышышты.

Чынара экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, ооруканага жеткирилген. 4-ноябрь күнү каза болду, — деп билдирген жакындары.

Чынара Токонова 1982-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган. 2000-жылдардын башынан бери кыргыз телерадио тармагында эмгектенип келген. Акыркы кездерде 5-каналда “5-элемент” автордук программасын даярдап жүргөн.

Количество просмотров: 3538