• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«Чындык» сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков камактан чыкты

21 Үчтүн айы 2020 11:15 Бишкек Govori.TV

Chyndyk.kg маалымат сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков үй камагына алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, Биринчи май райондук соту кечээ кечинде анын баш коргоо чарасын карап, прокуратуранын Бейшенбековду үй камагына алуу боюнча сунушуна ылайык, сот аны убактылуу кармоочу жайдан чыгарган.

«Журналисттин үч кичинекей баласы бар. Улуусу 7 жашта, ортончусу 2,5 жашта ал эми эң кичүү кызына эки гана ай болгон жана ал учурда ооруп жаткан. Үй бүлөдөгү жалгыз каржы булагы болгондуктан сот аны үй камагына алууну туура көргөн», — деди жактоочу.

Эске салсак, Chyndyk.kg маалымат сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасына экинчи ирээт суракка чакыртылып, андан соң 48 саатка камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча редакторго гезитке басуу үчүн үлкөн милиция тарабынан жашыруун маалымат берилгени айтылат. Ал эми Бейшенбеков Курсан Асанов менен эч кандай тааныштык байланышы жок экенин айтып келет.

Количество просмотров: 50