• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Циркте бийиктиктен учуп түшкөн гимнаст кыздын видеосу

21 Тогуздун айы 2018 14:18 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек.21.10.2018.Govori.TV.
Интернет айдыңына циркте абада номер аткарып жатып, бийиктиктен учуп түшкөн кыздын видеосу тарады. Кырсык Новокузнецк шаарында болгонун «РИА Новости» жазып чыккан.
Окуяны тартып алган күбө аны YouTube каналына жайгаштырган.
Ишемби күнү Бүткүл россиялык сынак-фестивалды көрүүгө келгендер жагымсыз окуянын күбөсү болгон. Красноярскилик «Ромашка» деп аталган топтун гимнасткасы элдин алдына чыккан. Жип менен абада акробатикалык номер аткарып жатканда, байланган мата чечилип кетип, ал бир нече метр бийиктиктен кулап түшкөн.
Видеодо кулаган кыздын кырсыктан соң кыймылсыз жаткандыгын көрүүгө болот.
Маалыматта ал шаардык оорукага жеткирилгендиги кабарланган. Ошондой эле кыздын колу сынгандыгы, калган дене мүчөсү аман-соо экендиги айтылган.

Количество просмотров: 56