Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Интернет булактарында жакынкы күндөрү жарыяланган цирктеги видео кеңири тарады.
Сахнадагы артист өзүнүн мойнуна питонду бир нече жолу ороп, бир аз убакыт өткөн соң ал көрүүчүлөрдүн алдында жыгылып калган. Көпчүлүк артисттин муунуп калганын байкаган эмес. Качан гана цирктин кызматкерлери келип, оролгон жыланды алышканда ал эс-учун жоготкону белгилүү болгон.
Кошумчалай кетсек, видеону биринчилерден болуп Алхер Саркулов аттуу колдонуучу YouTube тармагына жайгаштырып, окуя Казакстандагы шаарлардын биринде болгондугун жазган.