Кыргызстанда дагы 294 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Алар:
– Бишкек шаарында 77 адам;
– Ош шаарында 32 адам;
– Чүй облусунда 76 адам;
– Ош облусунда 16 адам;
– Талас облусунда 7 адам;
– Нарын облусунда 6 адам;
– Ысык-Көл облусунда 36 адам;
– Жалал-Абад облусунда 30 адам;
– Баткен облусунда 14 адам.
Кыргызстанда жалпы 75 миң 918 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.