• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

COVID-19: 63 жаңы учур катталып, 2 киши каза болду

4 Бештин айы 202110:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 4-декабрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 31,
  • Чүй облусунда – 12,
  • Ош облусунда – 2,
  • Ысык-Көл облусунда – 5,
  • Жалал-Абад облусунда – 8,
  • Баткен облусунда – 5.

Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 394 бейтап, амбулатордук түрдө 389 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 573 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 550 киши айыгып чыкса, 2 миң 757 адам каза болду.

Количество просмотров: 127