Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 34 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.
Каза болгондор:
Бишкек шаарында – 20 адам;
Ош шаарында – 1;
Чүй облусунда – 2;
Ош облусунда – 4;
Нарын облусунда – 3;
Жалал-Абад облусунда – 4 адам.
Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1037 адамга жетти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-июлда COVID-19 илдети жана пневмония боюнча статистика бириктирилгенин маалымдаган