Өлкө аймагында COVID-19 илдетинен дагы 102 адам сакайып, бүгүн, 4-февралга караган суткада ооруканалардан чыкты. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
– Бишкек шаарында 47;
– Ош шаарында 2;
– Чүй облусунда 30;
– Ош облусунда 4;
– Ысык-Көл облусунда 15;
– Жалал-Абад облусунда 3;
– Баткен облусунда 1.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 81 миң 334 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.