Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 419 бейтап, амбулатордук түрдө 1 939 адам дарыланууда. Алардын ичинен 998 бейтаптын абалы орто оордукта, 338 адамдын абалы оор жана 68 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 417 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 332 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 658 киши айыгып чыкса, 1 миң 592 адам каза болду.